КҮНСЕРЕП: Светтин эсебинен элди тономой башталдыбы?

Бүгүн, 10-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев 2017-жылы өтүүчү президенттик жарышка катышарын расмий жарыялады. Бишкекте бүгүн партиянын съезди өтүп, делегаттар Төрөбаевди бир добуштан колдоп, талапкер кылып тандашты.

9-февралда "Өнүгүү" фонду менен "Замандаш" ассоциациясы мигранттардын укуктарын коргоо жана колдоо иштерин бириктирүүнү көздөп меморандумга кол коюшту. Аймактарды өнүктүрүү жана мигранттардын укуктарын коргоодо алардын ишмердүүлүгү жана максаттары бирдей экени баса белгиленди. Бул - президенттик шайлоодо "Замандаштын" Төрөбаевге колдоо көрсөтүшү күтүлөт дегендик. Төрөбаевге чет жердеги кыргыздардын добушун алып берүүдө мыкты өнөктөш болуп бериши мүмкүн, анткени уюм чет жердеги мекендештер менен көп жылдан бери иштешет. 2011-жылкы президенттик шайлоодо "Замандаш" чет жерде шайлоо пункттарынын кыскарышын, сырттагы кыргыздардын добуш берүү укугу бузулганын айтып чыкканы маалым. Мындан 1 жыл мурун "Замандаштын" учурдагы тең төрагасы Жеңиш Молдакматов педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча "Өнүгүү-Прогрессти" колдоп чыкканы да эки партияны жакындаткан жагдайдан кабар берген эле. Төрөбаев жаш талапкерлердин бири болот, учурда 43 жашта. Саясаттагы тушоосу 2007-жылы "Ак жол" партиясынан кесилген ишкер 2010-жылы Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясы менен парламентке келип, кийин өз алдынча кеткен. Өзү негиздеген "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо ийгилик жаратып, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешке өткөн 6 партиянын бири. Төрөбаев бүгүн партиясы өсүп-жетилгенин, президенттик жарышта күч сынашууга даяр экенин айтып, "өлкөдө мыйзам диктатурасын орнотом" деп алгачкы убадасын берди. Ошентип, президенттикти көздөгөндөр кыймылга киришти. 4-февралда "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев расмий түрдө президенттик жарышка катышарын ырастаса, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодо административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюу, шайлоо күрөөсүнүн суммасын көтөрүү өңдүү сунуштарын айтууда...

Электр энергиясы боюнча "акылдуу" эсептегичтерге нааразылар көбөйүүдө. Колдонгон электр жарыгынын көрсөткүчү мурдагы айларга салыштырмалуу кескин көтөрүлүп, мунун айынан төлөм эселеп көп чыгып жатканын айткандар арбыды. "Эсептегичтер туура эмес эсептеп жатат" дешүүдө. Белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да "акылдуу" эсептегичтерден шектенип жатканын социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазды. Ырчы мурда электр энергиясы үчүн айына орточо 8-10 миң сомдон төлөп жүргөнүн, "акылдуу жабдык" коюлгандан кийин 25-30 миң сомдон төлөп жатканын айтууда.

Мындай эсептегичтер өлкөгө 2012-жылы киргизилген. Максаты электр энергиясын үнөмдөө, энергетикадагы уурулукту азайтуу эле. Бирок "эсептегичтердин сапатын, техникалык абалын текшерүү талаптагыдай жүргөн эмес" деген да сөздөр чыккан. Убагында муну Жогорку Кеңештин депутаттары да айтышып, миңдеген эсептегичтин 10 чактысы гана мамлекеттик стандарттан текшерүүдөн өтүп, калганы сыноодон өтпөй эле орнотулуп жатканын сынга алышкан эле. Негизи, "акылдуу" эсептегичтер туура эмес эсептеп жатканы 2012-2013-жылдардан бери эле айтылып келет. "Бул жабдыктар элдин эсебинен чиновниктерди байытат, элди тоноонун бир түрү" деген пикирлер да айтылган убагында. Бирок нааразычылыктын күчү бүгүнкү күндөгүдөй эмес эле. Өлкөнүн энергетика тармагына жооптуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы мурунку айлардагы төлөм менен кийинки айдагы төлөмдүн ортосунда кескин айырмачылык болушу мүмкүн эместигин айтып алакан жаюуда. Ошол эле учурда эсептөөдө катачылык кетиши мүмкүн деген версияны четке каккан жок. "Эгерде кандайдыр бир себептерден улам ашыкча төлөм болгону аныкталса, анда компания кийинки айдагы төлөмдөрдү кемитүү менен төлөп берет", - дейт компания төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков. Эгер жабдыктар туура эмес эсептеп жүргөнү чын болсо, анда "акылдуу" эсептегичтер системи Бакиевдин тушундагы Ширшовдун схемасына окшошуп калат. Кырдаал дыкат иликтөөнү талап кылгансыйт. Адатта Жогорку Кеңештин депутаттарын, жеке кызыкчылыктарды коргоодо түзүлчү депутаттык комиссия ушундай иштерде да түзүлсө...

Кыргыз Республикасында жумушсуз деп расмий каттоодо тургандардын саны 57 миң (2017-жылдын 1-февралына карата). Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгында өлкөдө 77 368 жумушчу оруну түзүлгөн. Ал эми өлкөдөгү жалпы жумушсуз жарандардын саны 200 миңдин тегерегинде. Статистикалык маалыматтар Кыргыз жеринде иши жоктордун саны өзгөрүүсүз калып жатканын көрсөтүүдө. Мисалы, 2016-жылдын март айына карата жумушсуз катары расмий каттоого алынгандардын саны 57 300 жаран эле. Бир жыл ичинде ишсиздер дээрлик кыскарган эмес. Мамлекет жарандарын жетиштүү түрдө иш орундары менен камсыздай албай жатканы чын, ошондуктан чет жерге агылган Кыргыз жарандарынын аягы тыйылбай жатат. Орусия менен Казакстанда иштеген мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын сыртта жашап-иштешине шарт түзүп берүү иши да көңүл жубатарлык эмес. Орусия түрдүү шылтоолор менен Кыргыз мигранттарына карата кысымын улантууда. Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө, бирок анын бул иште түзүгүрөөк жардамы тийбей жатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан