Түп районунда жоголгон 2 балыкчыны издөө иштери 20-февралга чейин токтотулду

Түп районундагы Кутургу менен Фрунзе айылдарынын аралыгында көлгө балык кармоого кеткен 1990-жылкы жана 1982-жылы туулган 2 эркек адам чөгүп кеткен. Аларды издөө иштери натыйжасыз болуп келген.

"Издөө иштерине 11 куткаруучу, 6 суучул, РИИБден 2 кызматкер, Араб компаниясынан 1 эхолот, 3 моторлуу кайык, Орусиянын Аскер деңиз базасынан 2 катер, 1 моторлуу кайык, жергиликтүү тургундардан 1 эхолот, 1 моторлуу кайык, жалпы 50дөн ашык адам тартылган. Чөгүп кеткендер табылган жок", - деп билдирди бүгүн, 10-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Чөгүп кеткен балдардын ата-энелеринин макулдугу менен издөө иштери 20-февралга чейин убактылуу токтотулганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zamir_88
2017-02-10 10:35:01
Эмнеге токтотулду түшүнүксүзго
0
M.Lancer
2017-02-11 12:15:51
Балыктын деле убалы бар да.
0
Kroxa
2017-02-11 17:15:51
Мчстин издегенге шаймандары жок болсо эмнеси менен издейт суучулдар болсо акчасыз издешпейт платный..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан