Ысык-Көл облусунун Түп районунда балыкчылар жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Алдын ала маалымат боюнча, 30-январь күнү Күрмөнтү айылынын 2 тургуну Кутургу айылы менен Фрунзе айылынын ортосундагы көлдүн тилкесине балык кармоого барган бойдон дайынсыз жоголгон. Саат 14:20да ӨКМнын 15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Түп райондук ички иштер башкармалыгынан 12 кызматкер издөө иштерин жүргүзүүгө чыккан", - деп жазылат маалыматта.