Мурда соттолгон-соттолбогону тууралуу маалым катты алуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев журналисттер менен жолукканда билдирди.
Эл өкүлү аймактардан жарандар кыйынчылыктар болуп жатканын айтып кайрылышканын кошумчалады. “Интернет аркылуу бул кагазды алса болот деген маалымат тараган. Бирок баары бир аны алууга Ички иштер министрлигине барып, терминалга ошол эле сумманы төлөө керек экен. Бул маселени жумушка орношкон адам эмес, ишке алып жаткан компания же мекеме ойлонушу керек”, - деди ал.