"Электр энергиясына ашыкча төлөм келди" деген абоненттер тиешелүү бөлүмдөргө кайрылып, так маалымат ала алышат

"Электр энергиясына ашыкча төлөм келди" деген абоненттер аймактардагы тиешелүү бөлүмдөргө кайрылып, кагаз жүзүндө канча электр энергиясын короткондугу тууралуу так маалымат ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда маалымат жыйынында белгилүү болду.

"Бир колдонуучуга декабрь айында 2 миң сом келсе, кийинки айда 11 миң сом төлөм келген деп айтып жатасыңар. Андай чоң суммадагы айырмачылык болушу мүмкүн эмес. Андыктан мындай учурда ар бир колдонуучу "Түндүк электр" ишканасынын же аймактардагы тиешелүү бөлүмдөргө кайрылып, ар бир күнү, саат, мүнөтүнө чейин канча киловатт колдонгону тууралуу так маалыматты кагаз түрүндө ала алат. Себеби "акылдуу" эсептегичтерде баары жазылып, көзөмөлдөнүп турат.

Эгерде кандайдыр бир себептерден улам ашыкча төлөм болгону аныкталса, анда компания кийинки айдагы төлөмдөрдү кемитүү менен төлөп берет, албетте, дыкат текшерүүлөрдөн кийин", - дейт Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dina1983-19
2017-02-10 13:42:59
Акылдуу эсептегичда адашып калса керекда
0
cher2
2017-02-10 21:55:48
Шамалду сайда да электриктер эсептегичтин корсоткучун 400-500киловат кошумча жазып элди алдап жатышат элдер арызданса да майнап жок
0
Adilet2014
2017-02-12 15:01:39
Мен оштон. Мисалы мен мурдагы айда 280 сомдук электр энергиясын иштетсем бул айда 970 сомдук жагыптырмын. Эмне деген бул же берген отоплениеси жакшы иштебесе айдын аягында отопление келет 1200 деп тапканыбызды ушуларга берип отура берет экенбиз да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан