Бишкекте мыйзамсыз салынган "Домино" кафеси сүрдүрүлдү

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1-токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери “Домино” кафесин сүрдүрүүдө. Аталган кафе Панфилов-Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Капиталдык курулуштун ээси - У.С.

"Сүрдүрүү иштери Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штабдын иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаменти, өкмөткө караштуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барышат", - деп айтылат маалыматта.

Жакын арада тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз курулган бир нече курулуш сүрдүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Adil706070
2017-02-10 18:52:34
кафесин
-3
marapat
2017-02-10 19:02:00
Жакшы кылыптыр
+13
batkendik.18
2017-02-10 19:45:13
Сураганын бербей койгон же ишенгени жок ак уй жакта
+38
maks94.kb
2017-02-10 19:47:05
Кимге зыян кимге пайда
+17
Kroxa
2017-02-10 20:02:34
Мыйзамсыз курулса баарын тазалагыла акча берсе жон койосунар го...
+27
barsa30
2017-02-10 21:02:19
чынында мыйзамсыз курулуштуарды сурдургуло .болбосо эл басчу жерлерди ээлеп алышты.
+15
Alibek-0001
2017-02-10 22:05:10
Ras kylaaynar
+1
Pandora
2017-02-10 22:12:10
Ошону оо багында салып жатканда каякты карап турду мыйзам?!Эми иштеп жаткан жерден козгоп бироону канчалаган акчага банкрот кылып,ден соолугуна зыян келтирди.Уруксаат жокпу башында эле салдырбай койгула эми ара жолдо акча бербей койсо эле сурдурбой
+16
dobro
2017-02-10 22:23:58
теги оз алдынча бирдеме жасай алабызбы...? же ар дайым башканын жасаганын туурайбыз.
0
33SUUN
2017-02-11 03:53:35
Кафе эмес кичинекей камок курсандагы мериядан уруксат Кагаз алып курушчуу элекго.Уруксат кагазы жок кандайча кафе курганга духу жетти.Же ишенгени "крышасы"жумуштан тушкон.
+4
zarlyk2211
2017-02-11 04:05:19
Мыйзам иштебейт дейбиз,мынтип иштеп баштаса жактырбайбыз. Уруксаты жок салган болсо,кафенин ээси күнөөлү.
+4
altyn7776
2017-02-11 11:55:09
Куч келгенде, акча керек болгондо ушинтип иштеп калышат, азыр Бишкекте дагы эле толтура мыйзамсыз салынган объектилер. Эмнеге оз убагында чара корулгон эмес??
+1
make2
2017-02-11 20:11:05
Жакшы иштеп жатса бирөөсүнүн көзү түштүда, Ал жерди шанс барда менчикке өткөрөтда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан