"Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен "тамашоучу" Калыбек Турдубаев Бали аралынан кайтып келишти

Бүгүн, 12-февралда "Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен "тамашоучу" Калыбек Турдубаев Бали аралынан кайтып келишти. Бир жума бою жылуу өлкөдө эс алып, жагымдуу сезимдерге чулганган эс алуучулар SUPER.KG порталына ой бөлүштү.

"Абдан жакшы эс алып кайттык. Индонезия өлкөсү мага аябай жакты. Ал жакта күнгө кактанып түрдүү кызыктарга күбө болуп келдик. Эң негизгиси бул өлкөнүн эли аябай меймандос, маданияттуу эл экен. Кооз жерлерди көрүп, сууга чөмүлүп ырахат алдык. Бизге ушундай шарт түзүп берген "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталынын жамаатына терең ыраазычылык билдирем", - деди Калыбек Турдубаев.

Жолдомонун ээлери Индонезиянын Бали аралына жетүү үчүн 18 саат жол жүрүшкөнүн айтышты. Кызын тосуп алуу үчүн атайын Баткен облусунан келген Бактыгүл Орозбаеванын ата-энеси да сүйүнүп турушту.

"Балинин маймылдар байырлаган сейил багына барып, экзотикалык жандыктар менен тааныштык. Мындай көрүнүшкө күбө болуу менен жаратылыш бизге ырахат тартуулады. Океандын жээгинде жүрүп күнгө күйүп калдык. Калкынын маданияты абдан жогору экен. Бизге сый көрсөтүп жатышты. Көчөдө жүрсөк тааныш эмес адамдар эле саламдашып, жылмайып баш ийкешип, меймандостугун көргөзүштү. Жергиликтүү элдин тилине түшүнбөй бир аз кыйналганыбыз болбосо мунун да айласын таап кол менен жаңсоо менен түшүндүрүп жаттык. Жакындарыма Балинин чайын, кофесин жана башка кооз буюмдарын алып келдим", - деген Бактыгүл Орозбаева кубанычын жашырган жок.

"Супер сулуу" Бактыгүл Орозбаева менен "тамашоучу" Калыбек Турдубаевдин Бали аралына болгон сапарындагы кызыктарды "Супер-Инфо" гезитинин жаңы санынан кеңири окуй аласыздар.

Балиге кеткендер кайтып келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
meerimma84
2017-02-13 09:01:58
Биздин эркектер кылар ишин билбей катын болуп баратат сын тагып
+7
KAPAGAT
2017-02-13 09:15:13
Кепканы кордук жаны экен:) чечип эле койсон болмок Бактыгул. А Калыбекке соз жок, ото жонокой жылдыздуу жигит...
-3
admin_portal
2017-02-13 09:35:23
zamir-bek,
1. Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
2. Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
-1
baltabai
2017-02-13 09:43:50
Таза суунуштуго
-1
Daryika00
2017-02-13 09:44:40
Кепкасында БАЛИ деп турат ошон учун чечкиси келбегенго.
+2
admin_portal
2017-02-13 09:47:39
Eleko, 3 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
-5
baltabai
2017-02-13 10:08:39
Кепканы чечип салчы көзүмө көпрсөпөй
+3
Aruwka.89
2017-02-13 10:18:35
Кепкасы жарашпаптыр чынында
Бирок жакшынакай кыз эгер журилер туура чечпей тартып койгондо Алтынай Эмилбекова алмак кантсе да жузу таанылып калган кызда
+4
Nazi_92
2017-02-13 10:30:26
Aruwka.89,Туура айтасыз толугу мн кошулам,ал деле бетин жууса ушундай болуш керек.
0
Aruwka.89
2017-02-14 12:06:28
Nazi_92, Бактыгул жакшынакай жылдыздуу болсо керек Алтынайга караганда Алтынай Нурлан Насиптин клипинде жакшынакай болчу азыр эмнегедир бетинде нуру жок жагымы жоктой сезилет
-1
madina.87
2017-02-13 10:55:00
Ушу кыздын сулуулугуна эч ичим чыкпадыда.
Эмнеси болсо да ойноп келдинерда.
+4
010288
2017-02-13 11:34:12
сын айта бербей кыйын экенсинер силер да ошондой ийгилике жетип барып келгиле эч ким кой дебейт.жон эле иттен алып итке саласынар тообо
-1
momun74
2017-02-13 11:34:15
Жакшынакай жылдыздуу кыз экен Азамат!
-5
ulchana
2017-02-13 13:10:04
сонун эле кыз,ичинер отртонбогулочу.Экоо тен бактылуу болушун тугойлору мн.
+2
admin_portal
2017-02-13 17:51:40
Gulkin, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Оозеки эскертүү!
0
Arlenchik
2017-02-13 22:06:13
Женсе женип барып келиптир, ал жерде жекеле сулуулугуна эмес аткаруучулук жондомуно, жана башка таланттарына да караштыда, кыргыздын жонокой кыздарынын бири экен, кыргыздын ар бир кызы сулуу, мынчалык эмне коро албассынар ийгилик каалап кубанычы менен тен болушуп койгула.
+2
admin_portal
2017-02-14 09:34:22
hubabubba, 3 күнгө БАН!
Этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан