Бишкекте 14-февралда кечке маал "Космопарк" борборунда жардыруучу зат бар деген маалыматтан улам имарат курчоого алынды. Сапёрлор имаратты тинтишти. Бишкек ШИИББинин, Октябрь РИИБинин, УКМКнын кызматкерлери текшерип жатышканын ИИМдин кызматкери Эрнис Осмонбаев кабарлаган эле. Имараттын ичиндегилер сыртка чыгарылып, жыйынтыгында эч нерсе табылган жок. Жардыруучу зат бар деген маалымат жалган болуп чыкты.