КҮНСЕРЕП: Түркия порталы Текебаевди Бакиевге "жолуктурду"

Бүгүн, 15-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги абалы Бишкекте "ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер" аттуу кезектеги форумда талкууланды. Вице-премьер Олег Панкратовдун билдиришинче, Кыргыз тарап ЕАЭБдин пайдасын кадимкидей көрүүдө. “Мамлекет өз алдынча эмес, кандайдыр бир альянстын алкагында улуттук кызыкчылыкты коргоого көбүрөөк мүмкүндүк алат, мындай мүмкүнчүлүктү Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кирүү менен өз учурунда колдонду”, - дейт вице-премьер.

Кызыгы, Панкратов альянска кирүүдө Кыргыз өкмөтүнүн милдети - өлкөнүн ээлеп келген рыногун ошол абалында сактоо болгонун айтты. Чынында өкмөттүн милдети башкачараак эле. ЕАЭБге кирип жатканда "базарды сактап калуу" коркунучу жөнүндө дээрлик сөз айтылган эмес. Кыргыз Республикасына 170 миллион керектөөчүсү бар ири рынокко жол ачуу, мигранттарга жеңилдик берүү, өндүрүштү гүлдөтүү өңдүү мүмкүнчүлүктөр айтылган. Улуттук статистика комитетине таянсак, 2016-жылдын 10 айында өлкөнүн ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 19 пайызга азайды. Мисалы, өткөн жылы Орусия менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 пайызга төмөндөгөн. Адистердин билдиришинче, альянска кирсе-кирбесе да Кыргыз мамлекетин экономикалык кыйын кырдаал күтмөк. Бирок убакыттын өтүшү менен өлкө ЕАЭБдин шартына ылайыкташып, алыш-беришин тактап, убадаланган жыргал жашоонун илеби сезилип башташы керек эле. Калктын жашоо-шарты боюнча караганда реалдуулук Панкратовдун маалыматынан бир аз башкачараак. ЕАЭБдин пайдасы билинип-билинбей, ал эми улам киргизилип жаткан чектөөлөр элдин “жашоо оңолот” деген үмүтүнө суу себүүдө...

Түркиялык портал депутат Өмүрбек Текебаев Кипрде качкын президент Курманбек Бакиев менен жолукту деп жазып чыкты. Буга чейин биздеги жергиликтүү порталдардын бири “Текебаев Кипрде Садыр Жапаров менен жолукту” деген жоромолун жазып чыккан эле. "Хаберлер" агенттиги жарыялаган маалыматта Текебаев Бакиевден 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо Кыргыз жеринде тополоң уюштурууга каржылык колдоо сураганы айтылат. Бирок маалымат кимден алынганы жазылган эмес. Жөн гана маалыматтын аягына Бишкек деп жазып коюшкан. Сыягы, “бакиевдик кадр” деп мүнөздөлүп жүргөн Садыр Жапаров түрк басылмасына жеткиче Бакиевге айланып кеткен өңдүү.

Кыргыз коомчулугуна "Хаберлер" порталы буга чейин Алмазбек Атамбаев тууралуу кабардан улам тааныш болуп калган. 2016-жылдын 19-сентябрында Бишкектен Нью-Йоркко бараткан президент Алмазбек Атамбаевдин жүрөгү ооруп, президент Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунан "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жиберилгенин ушул портал жарыялаган. Интриганы ого бетер күчөтүп Текебаев бул чуулгандуу кабар боюнча унчукпай жатат. Азырынча бир гана маалымат чын. “Ата Мекенчи” чын эле жакында Кипрге барып келгендигин кабарлаган. Депутат аталган өлкөгө сапарын президенттин байлыгын иликтөө иши менен байланыштырууда. Текебаев Атамбаевдин Кипрде бизнес кызыкчылыгы бар деп жарыялап, бирок далил көрсөтө элек. Өлкө жетекчиси Текебаев айткан маалыматты териштирүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берип, башкы көзөмөл органы иликтөө жүргүзүүдө. Эксперттер Өмүрбек Текебаев каржылык тартыштыктан улам президенттик шайлооого талапкер катары чыга албашы мүмкүн деп буга чейин көп жолу айтып келишти. “Хаберлердин” кабарында да “каржылык колдоо алуу” тууралуу сөз болот. Ошентип кептин учугу президенттик үчүн күрөшкө барып такалууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан