Түркия порталы Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиев Кипрде жолугушту деп жазып чыкты

Түркиянын "Haberler" порталы "Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушту" деген кабарды 11-февраль күнү жазды.

" Текебаев сентябрь айында боло турган президенттик шайлоого баш аламандык чыгаруу менен тоскоол болуу максатында Бакиев менен жолугушканы белгилүү болду. Ошондой эле өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге каршы каралоо компаниясын жүргүзүп келген Текебаевдин Бакиевден каржылык жардам сураганы маалым болду", - деп жазат аталган басылма.

Бирок портал маалыматты кимден жана кайдан алганын жазган эмес. Болгону кабардын аягына "Бишкек" деп жазып койгон.

Бул маалымат боюнча депутат Өмүрбек Текебаев пикирин билдире элек.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан