Жайлообек Талип уулунун бир көзү бала кезинде кырсыктан улам көрбөй калган экен. Оң көзүнүн таасири сол көзүнө тийип өткөн жылы ал көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Буга чейин Жайлообек Талип уулу менен жубайы Бактыгүл Сыдыкованын үй-бүлөсү жардамга муктаж болуп коомчулукка жардам сурап SUPER.KG порталына кайрылган. Андан соң ал көзүнө операция жасатууга Москвага барганы айтылган.
Анын көзүнө жасалган операция ийгиликтүү өткөнүн бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Жайлообектин жубайы Бактыгүл Сыдыкова билдирди.
"Телефон аркылуу жолдошум менен сүйлөштүм. Көзүнө жасалган операция ийгиликтүү болуптур. Бир көзүм көрүп калды деп кабарлады. Бул биз үчүн кубаныч болду. Анткени биздин таянар адамыбыз Жайлообек эле. Экөөбүздүн эки балабыз бар. Баарыбыз сүйүнүп жатабыз. Ал эми экинчи көзүнө операция жасатса болор-болбосун дарыгерлер айтышат. Анткени анысы көп жылдан бери көрбөй калган", - деп билдирди Сыдыкова.