"Жумуштан четтетилген укук коргоо кызматкерлери кайра кызматка алынбашы керек" деди Абдулда Суранчиев

"Укук коргоо органдарынан жумуштан четтетилген кызматкерлерди соттун чечими менен кайра жумушка алууну токтотуш керек". Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өкмөттүн жыйынында Ички иштер министри Абдулда Суранчиев билдирди. Айтымында, жүйөлүү себептер менен жумуштан кетирилген 120 ички иштер органынын кызматкерлери соттон утуп чыгып, кайрадан жумуштарына келишкен. “Кызматтан кеткен укук коргоо кызматкерлерин кайра жумушка албоо тууралуу атайын жобо иштеп чыгуу керек”,- деди министр. Ошондой эле ИИМди реформалоодо кызматкерлерди жумушка алуу таза жана сынактык негизде өтөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан