Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда саат 13:40тан баштап Бишкек-Ош унаа жолунун Арал постуна коюлган чектөө жеңил унаалар үчүн алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолду кардан тазалоо иш-чаралары улантылууда.
Айта кетсек, бүгүн, 19-февралда саат 08:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында көлөмү 1000 куб метр болгон кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган.