Биз социалдык тармакта

Кытайдан таасирленген Бакыт Төрөбаев Бишкекке асма метро куруу керектигин айтты

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Бишкектеги тыгынды чечүү үчүн монорелстүү асма метро куруу керек деген пикирде.

Ал соцтармактагы баракчасында Кытайдын Сиань шаарындагы BYD ишканасына барып, шаардын транспорттук инфраструктурасы менен таанышкандан кийинки ою менен бөлүштү.

"Бизде дагы Бишкектин транспорттук көйгөйүн чечүүдө жаңыча ой жүгүртүп, келечектүү технологияларды бүгүнтөн баштап изилдешибиз керектигине ынандык. Мисалга алсак, монорелстүү асма метро курсак, шаардагы тыгындарды азайтып, жүргүнчүлөрдү тез жана ыңгайлуу жеткирүүгө өбөлгө болот. Ал жолдун үстү менен өзүнчө багытта жүрүп, экологиялык жактан таза, көп жүргүнчү ташууга ылайыктуу, унааларга көз каранды болбогон коопсуз транспорт тутумун түзүүгө шарт түзөт.

Мындан улам BYD компаниясынын адистеринен Бишкек шаарына келип, маанилүү трассаларды көрүп, жакшы илимий талдоо жана экономикалык экспертиза чыгарып берүүнү өтүндүм. Негизи максат жөн гана жаңы транспорт жолун куруу эмес, Бишкекти жашоого ыңгайлуу шаарга айландыруу. Анткени шаардын өнүгүүсү имараттардын бийиктиги менен эмес, адамдардын убактысын канчалык үнөмдөп, жашоосун канчалык жеңилдеткени менен өлчөнөт", - де жазды ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан