1994-жылкы үлгүдөгү паспорттордун колдонуу мөөнөтү "мөөнөтсүзгө" чейин узартылса да, үстүбүздөгү жылдын 31-мартына чейин гана жарамдуу экенин Бишкек шаардык мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул паспорттор 1-апрелден тарта юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп табылат. 60 жаштан ашкан жарандар үчүн эски паспортторун ID-карта үлгүсүндөгү паспортко бекер алмаштыруу боюнча кампания жүрүп жатканын эске салабыз.
"Урматтуу бишкектиктер! 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт колдонуп жүргөн болсоңуздар, жашаган жериңер боюнча паспорттук-визалык бөлүмгө тез арада кайрылып, 2004-жылкы үлгүдөгү паспорт (ID-card) алышыңыздарды өтүнөбүз", - деп айтылат мэриянын маалыматында.