ЖЫЛНААМА, 20-ФЕВРАЛЬ: 24 жыл мурун жогорку ылдамдыгы менен айырмаланган автоунаалардын "атасы" Ферруччо Ламборгини көз жумган

Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылы 20-февралда жогорку ылдамдыгы менен айырмаланган автоунаалардын "атасы", италиялык ишкер Ферруччо Ламборгини көз жумган. Ал 1916-жылы 28-апрелде Италиянын Феррара провинциясындагы Ренаццо деген айылында төрөлгөн. Бала чагынан техникага кызыккандыктан ата-энеси ага чакан устакана салып беришкен. Ал фермага керек болгон буюмдарды жасап берип турган. Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин айылына келип, аскер техникаларын бузуп, андан айыл чарбасына керектүү нерселерди жасаган. Ошентип ал "Lamborghini Trattori S.p.A." компаниясын негиздеп, 1949-жылы трактор жасап чыгарган. 1960-жылы "Lamborghini Bruciatori" аттуу муздатуучу шаймандарды чыгаруучу компанияны түзгөн. Анын эки ишканасы тең ийгиликтүү иштеп, согуштан улам зыян тарткан Италиянын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салымдарын кошкон.

Спорттук автоунааларды жакшы көргөн Ф.Ламборгини 1963-жылы "Automobili Ferruccio Lamborghini S.p.A" ишканасын ачып, анда иштөөгө "Ферраринин" инженерлери Жан Паоло Далларды жана Боб Уоллести чакырган. 1972-жылы Жорж-Анри Росетти Ламборгининин автоунаа бизнесинде өнөктөшү болгон. Бир жылдан кийин Ферруччо өзүнүн үлүшүн Рене Леймерге саткан.

20-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан