Орусиялык элчиликтин унаасынын катышуусундагы жол кырсыктан каза болгон айдоочунун үй-бүлөсүнө элчилик жардам берет

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргыз Республикасындагы иштерге ишеним берилген өкүлү А.Мзареулов менен Бишкектеги Орусиялык элчиликтин унаасы катышкан кырсык боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жолугушууда орусиялык тарапка кыргыз укук коргоо органдарына кырсыкты иликтөөгө болгон жардам көрсөтүү жана ага кырсыкка катышкан адамды катыштыруу боюнча нота берилгени маалым болду.

"Өз кезегинде Орусиянын элчилиги каза болгон айдоочунун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, алар менен байланышта болуп жатканын, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иликтөө иштерине тыгыз катышып жатканын кабарлады", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова бул кырсыкка байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын билдирген.

"Элчиликтин биринчи катчысы Виктор Пуховдун катышуусу менен болгон жол кырсыгына байланыштуу ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Бардык жагдайлар эске алынат, ошондой эле элчиликтин кызматкеринин ошол кездеги физикалык абалы да текшерилет", - деген Пахомова Элчилик маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Эскерте кетсек, кырсык 16-февралда Бишкекте "Манас" аэропортуна кетчү жолдо болгон. Анда "Мерседестин" айдоочусу, Кыргыз жараны 62 жаштагы Евгений Лексин баш мээси жабыркап, ооруканадан каза болгон. Ал эми орусиялык элчиликтин кызматкери, "Тойота-Прадо" унаасынын айдоочусу Виктор Пуховдун жамбаш сөөгү сынган.

Кырсык түшүрүлгөн видеодо элчиликтин унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда, катуу ылдамдыкта келип, жүк ташуучу "Мерседести" сүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан