Бишкекте 5-кабаттан кулап кетишкен куруучулардын абалы турукташты. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
"Жабыркагандардын абалы турукташты. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандардын баары палатага которулду", - дейт Кубатбеков.
Айта кетсек, 16-февралда Чүй жана Ибраимов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын 5-кабатынан 5 адам кулап кетишкен. Жабыркагандардын төртөө Травматология жана ортопедия илимий борборуна, ал эми бирөө Улуттук госпиталга жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна коргоочу тактанын түшүп кетиши себеп болгон.