Бишкектеги Тунгуч кичи районунда көп кабаттуу үй куруу каралууда

Жеткиликтүү турак жай программасынын алкагында Бишкектеги Тунгуч кичи районунда көп кабаттуу үй куруу маселеси каралууда. Бул тууралуу 20-февралдагы маалымат жыйында мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган компания менен архитектура жана курулуш агенттиги курулушту баштоо боюнча сунушту даярдап жатышат. "Мамлекеттик архитектура агенттиги бардык тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууга тийиш. Андан кийин гана долбоор өкмөткө сунушталат", - деди ал. Мындан тышкары ал Баткен, Нарын, Жалал-Абад шаарларында 5 кабаттуу үйлөрдү курууну долбоорлоо иштери аяктап калганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabai
2017-02-20 12:17:43
??????
0
Nursultan.m.n
2017-02-20 12:40:09
Мамлекет айына 5минден ипотека кылып,узак мөөнөткө үйлөрдү курса жакшы болоор эле....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан