Өлкө аймагында бир жума ичинде унааны мас абалында айдаган 200дөн ашуун айдоочу кармалды

Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарга протокол толтурду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жума ичинде өлкөдө жол эрежелерин бузуу боюнча 14 808 админстративдик протокол түзүлгөн. Унааны мас абалында башкаруу боюнча 263 протокол, документсиз унаа башкаруу 315, мамлекеттик номери жок унаа башкаруу 27, унаны жогорку ылдамдыкта айдоо 1 394 факт катталган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары унаанын айнегин караңгылатуу боюнча 96 факт, жол белгилериндеги талаптарды бузуу 1 856, коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу 3 858, унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон менен сүйлөшүү фактысы 2 553 болгон. Ар түрдүү жол эрежесин бузгандар 4 446га жеткен. Жыйынтыгында 506 унаа атайын айып аянтына коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bless
2017-02-20 13:25:00
Бул деген кыргызстанда афто уна башкаруу абалы катастовкалык абалга жеткенин . Айдочу озунун омурун жана башкалардын омурун бейажал олумго оз каалоосу менен туртуп жатканыдан кабар берет .
Европа жее жакын еле коңушубуз кытайда : арак ичип унаа башкарса куболугу бекер кылынып уч жилга унаа айдоо укуугу бекер кылынат . Кошумча айып сом менен 27000 сом .
Мас абалында болсо бир жыл абак . Беш жыл куболук башкарганга тыйуу жана кеминде елуу миң сом айып кошумча Куболук жок кылынат ..П
0
suhrab.kg
2017-02-20 23:45:12
90%праваны сатып алса азыр окуган эчким жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан