Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Адольф Гитлер колдонгон телефон Америкада өткөн аукциондо 243 миӊ долларга сатылды. Бул тууралуу ВВС кызматы бүгүн, 20-февралда жазып чыкты.
Сатып алуучунун аты аталбайт. Гитлердин ысымы түшүрүлгөн кызыл телефон анын Берлиндеги жер астындагы бункеринде 1945-жылы табылган. Германия багынган соӊ советтик аскерлер телефонду сувенир катары британ офицери Ральф Рейнерге беришкен.
Аукциондун уюштуруучуларынын айтымында, телефон "массалык жок кылуунун куралы" болгон. Себеби ушул аппарат аркылуу Гитлер согуш учурунда миллиондогон курмандыктарга алып келген буйруктарды берип турган.
Мындан сырткары аукциондо дагы бир Гитлерге тиешелүү овчарканын фарфор статуэткасы 24 миӊ 300 долларга башка бирөөгө сатылган.