Билим берүү тармагында 380 жаран ипотекалык насыя алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда өткөн маалымат жыйында мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.
Анын айтымында, саламаттыкты сактоо 175, социалдык өнүктүрүү 23, маданият 25, бюджеттик башка тармактар 227 ипотекалык насыя берилди.
"Ипотекалык насыялар республиканын бардык аймактарында кыймылсыз мүлк рыногунун өсүшүнө жана үй-бүлөлүк кирешенин көлөмүнө жараша берилип жатат", - деди төрага.
2017-жылдын аягында Кыргыз мамлекетинин бардык жарандары ипотекалык насыя алууга мүмкүнчүлүк болот. Мурда болсо бюджеттик жана мамлекеттик кызматкерлер гана алышчу.
Белгилей кетсек, 2015-жылы Жеткиликтүү турак жай программасы ишке ашкандан тарта 830 жаранга ипотекалык насыя берилди.