Бүгүн, 20-февралда Бишкекте "Жаштар. Инновациялар. Келечек" аталышындагы форум өтүүдө. Ага Орусиядан келген эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Орус илимдер академиясынын өкүлү Елена Кузьмина "Кыргыз жарандары Орусияда мигранттардын элитасы катары саналат", - деп билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагындагы макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасынан барган мигранттарга жакшы шарттар каралган. Анын ичинде медициналык кызмат көрсөтүү, балдарына билим берүү сыяктуу маселелер чечилген. Кузьмина белгилегендей Кыргыз жарандарына салыштырганда Тажикстан менен Өзбекстандан барган эмгек мигранттарынын кирешелери кыскарган.
Форумда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын жаштарынын экономика, маданият тармагындагы келечекке көз карашы, учурдагы инновациялык процесстерге катышуусу, кесипкөй адистерди даярдоо маселелери каралууда.