Кыргыз жана Индиянын атайын багыттагы аскерлери биргелешип машыгууну башташты

Бүгүн, 20-февралда "Канжар-2017" атайын багыттагы кыргыз-индиялык аскерлердин биргелешкен машыгуусунун ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз мамлекети менен Индиянын коргоо мекемелеринин ортосундагы машыгуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башкаруу органдарынын 2017-жылкы окуу жылына күжүрмөн даярдык пландарына, ошондой эле эки тараптын жетишкен келишимдерине ылайык өтүп жатат.

Эки жума бою кыргыз жана индиялык аскер кызматчылары тренингдин жүрүшүндө тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү табуу, чектөө жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияларды киргизүү боюнча атайын багыттагы бөлүкчөлөрдү даярдоо маселелерин иштеп чыгышат. Машыгуунун планында ошондой эле атайын-тактикалык, чалгындоо, атуу, инженердик, аскердик-медициналык, атуу даярдыгы, аскердик топография жана байланыш даярдыгы боюнча түн ичиндеги практикалык сабактар, машыгуулар каралган.

Машыгуу тоо шартында кол салган мыйзамсыз куралдуу бандаларды табуунун, чектөөнүн жана жок кылуунун божомол оюну менен 2017-жылдын 5-мартында аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2017-02-20 15:07:40
Индиянын аскерлери чон чон эле кишилер го
0
ekaterinburg
2017-02-20 15:33:21
Тепкенде тийбей эле учуп кеткен жактарын да уйронуш керек...
+3
Kanzada97
2017-02-20 15:42:20
ekaterinburg,хихих
+1
briliant87
2017-02-20 15:50:40
ekaterinburg,жардынго
0
sumka
2017-02-20 16:13:51
ekaterinburg,дыш дыш дыш дыш деген боюнчабы))))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан