Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда Кара-Суу жана Чоң-Алай райондорунда кар көчкүдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга тийиштүү жардам көрсөтүүнү буюрду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы Кыргыз өкмөтүнө кырсыктан улам бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү, каза болгондордун жакындарына, жабыркагандарга жардам берүүнү буюрду.