Ала-Бука-Чаткал унаа жолу ачылды

Ала-Бука-Чаткал унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Накетаев билдирди.

Анын айтымында, жолго түшкөн кар көчкүлөр бүгүн эртең менен толук тазаланып, унаалардын каттамы үчүн Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдору ачылды.

Айта кетсек, 16-февраль күнү саат 13:00 чамасында Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка унаа жолунун 75-76-чакырымдарындагы Чоң-Сай тилкесине болжол менен 1500 метр куб, 17-февраль күнү 72-74-чакырымында 20 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Мындан улам аба ырайы өз нугуна түшкөнгө чейин Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдору жабылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан