Боинг кырсыгы: Кыргыз өкмөтү авиакырсыктагы материалдык чыгымды 195 миллион сомго баалады

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-февралда Боинг кырсыгы орун алган Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында болду. Жолугушууну башында каза болгондор үчүн куран окулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Учак кырсыгынын себептерин иликтеген өкмөттүк комиссия Кыргыз жарандары тарабынан атайын чогултулган гуманитардык жардамды берүү үчүн келди. Биринчи этап менен буга чейин керектүү буюмдар жана азык-түлүк берилген эле", - деди Абылгазиев.

"Кырсык болгон күндөн баштап Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатты. Биздин эсеп боюнча материалдык чыгым 195 миллион сом болду. Түрк тарап башынан бери эле керектүү жардамды берип, материалдык чыгымды моюнга алууга даяр эле. Мындан сырткары ата-энесинен ажырап калган эки баланын туугандары макул болсо аларды окутушарын билдирди", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ӨКМда ачылган атайын эсепке 91 миллион сом чогулганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina1983-19
2017-02-20 21:01:54
Чыгымы мынча болду деп ким баалады
+2
Sema87
2017-02-20 23:28:47
жалган кабар оозу кыйшайбай суйлогонун бул чондордун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан