СУПЕРСТАН: "Келиним менден такыр уялбайт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайнага-келин мамилеси" деген тема талкууга алынууда.

Темада автор мындай суроо салган: "Бир тууган инимдин аялы, келиним өтө эле шайыр, ар кандай, кээде айтылбачу сөздөрдү айтып деле тамашалаша берет, менден такыр уялбайт, бул менин кыжырымды келтирет. Келин деген кайнаганын алдында токтоороок болуш керек да, туурабы?"

Буга жазылган жооптордон:

"Сен сүрдүү бол, келиниң сени көргөндө тамаша ары турсун, тилин жутуп алсын".

"Ийменип, унчукпай сыйламыш болуп, бирок ичинде ит өлүп жаман көргөндөн көрө ачык сүйлөп, шайыр болуп, жаман көрбөй сыйласа жакшы го, менимче".

"Мен күнөөнү иниңизге коём, жалжактап жатса да тим койгон кандай неме? А келиниңизге сөз жок, кайната, кайнага, кайнене, кайнеже дегенди сыйлаганды билбесе, демек, өз үйүндөгү тарбия ошондой".

"Бир-эки ооз сөз менен уяткарып коюңуз".

"Кайнагам экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Орус мүнөз, тамаша бир нерселерди да сүйлөп коёт. Кайненем 2 жылдан бери үйлөнтө албай убара. Жакшы жаңылыктары болсо мага жазып, сүрөт жөнөтүп жиберет. Төрөөрдүн алдында Бишкекте жүрдүм, кайнагам бир жакка кетерде "2 саат чыдап тур, мен жумуштар менен кеттим" деп же болбосо "комнатаңдан батареяны такылдатып койсоң мен чуркап түшүп машинаны ысытып турам" деп калса кайненем күлүп калат. Ичинде кири жок, болгонун айтып салат, мен ийменип отуруп калам".

"Кайнага-келин ортосунда дистанция болуш керек. Үйдө ата тарбиясын көрбөгөн кыз ошондой болот. Ыйбаалуу кыздар антпейт. Тобо, каякка кетип баратабыз? Атам катуу кармачу. Турмушка чыкканда кайната-кайнагама сүйлөй албай жүрдүм. Суроо берсе сөзүмдүн аягына чыга алчу эмесмин уялганымдан. Бирок абысыным кайнатамдан сөз талашып сүйлөчү. Бирок ошентип менин уялганымды башкача түшүнүшчү экен. Күйөөсү тарбиялаш керек андай келинди. Бул жерде кайнаганыкы туура эле".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Polumna
2017-02-20 21:41:15
Ии айланайын ыймандуулар.

Ажылдашып урушуп отургандан коро ачыгы жакшы а адамдын. Демек ал сизди бир туугагындай эле корот.Ушундай кайнагага туш кылбай эле койсун.
+3
DNurgiza
2017-02-20 21:42:23
Өтө эле чойроңдой берген болбойт да негизи.....канчалык тамашалашпа, уят дегенди унутпаш керек.....
+6
tyrgon
2017-02-20 23:32:01
дистанция болуш керек баарибир. Эл коп жерде аз суйлогон жакшысыле болбосо жаманы башка тийип калатда.
+4
zoloto61
2017-02-21 03:29:41
Менин кайнагам бар кыргызча айтканда "шалпетек" .Келин менен кайнаганын ортосундагы силер айткан дистанцияны билбейт!Аялы менен ажырашып биз менен жашап калды,кундо мас кээде 3-4 кун жоголуп кетип кечиресиздер бул созго ушундай былгып сасып кетет жанына жакын жолосон кусуп жибересин,сийип, сасып кеткенче журо берет.чалат мени бул жердемин алып кеткиле деп,Куйом уйго алып келет жуунтат,кийимин мен жууйм анан аркабызга экоолоп асып алып ар кайсы наркологический больницаны кыдырабыз капай
+3
tursunbaev78
2017-02-21 03:53:34
Негизи келин менен кайнаганын ортосунда дистанция болуш керек
+1
tursunbaev78
2017-02-21 03:56:36
Өзүңүн бир тууганың менен деле болотта чек ара,айтыла турган сөз бар, айтылбай турган сөз бар,кыскасы урмат сый болуш керек
+4
krem
2017-02-21 19:52:40
Кудага шүгүр кайнагалардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан