Боинг кырсыгы: Биринчи вице-премьер 7 жашар Жакшылык жашап жаткан үйгө барды

16-январдагы авиакырсыкта ата-энесинен айрылган 7 жашар Жакшылык Шералиевге мамлекет тараптан бардык жардамдар берилет. Бул тууралуу 20-февралда Жакшылыктын чоң атасынын үйүнө барган биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Кырсыкта ата-энесиз калган эки баланын (Султан аттуу бала да ата-энесинен айрылган) билим алуусун каржылоого Түркия тарап даяр экенин, кыйынчылык жаралган учурда баланын жакындары өкмөткө кайрылса болорун белгиледи. Өкмөт мүчөсү менен пикир алышууда Жакшылыктын чоң атасы Шералы Сатыбалдиев оор күндө жардамын көрсөткөн элге ыраазычылыгын айтты.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dimonbek
2017-02-20 17:58:02
Чогулган акчаны калыс бөлүп беришсе эле, шаардын борборунан үй алганга да жетет экен. Кыргыз элиме рахмат)))
+9
zaika.tvo9.1990
2017-02-20 17:59:35
Ошону эми жазтасыңарбы
+3
KGstan1981
2017-02-20 19:13:14
КСДПнын журт атасы бийликтен кеткенде гана авиа кырсыка учураган Боингтеги товар кимдики экенин билинет.Кайрымдуу кыргыз элимден ОКМдин счетуна тушкон акчаны коздору тойбос аткаминерлерибиз сол чонтокторуно салып алышпаса эле болду.
+8
barakcha
2017-02-20 23:13:48
KGstan1981,Ай койгулачы эми ушундайынарды токтоткулачы?Кантип эле ушундай кырсыктын акчасын жеп алышсын???
-3
tabyshmak
2017-02-21 11:11:30
Кыйынчылык жаралган учурда Жакшылыктын жакындары өкмөткө кайрылып, жардам алууга чейин эле чарчап, андай жардамдан баш тарта баштабаса эле болгону. Анткени, жок жерден эле талаптар чыгып кетет андайда. Жыйынтыгында талаптарды аткарбадын деп коюшат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан