Кыргыз режиссёру Түркиядагы кыска метраждуу тасмалардын фестивалында 1-орунду ээледи

Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Ааламга кайрымдуулук" кыска метраждуу тасмалардын фестивалында Кыргыз режиссёру Касиет Жолдошбекова 1-орунду алды. Сынакка жалпысынан 143 тасма катышып, байгелүү орундарды 7 тасма ээлеген. Ошондой эле 1-орунга 25 миң түрк лирасы берилген. Аталган фестиваль ушуну менен 3-ирет өткөрүлдү.

Жеңишке жеткен жаш режиссёр менен маек курдук.

- Саламатсызбы? Сыйлыгыңыз кут болсун!

- Саламатчылык, чоң рахмат.

- Фестивалга кандайча катышып калдыңыз?

- Учурда Стамбул шаарындагы Мармара университетинде магистрантмын. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүн 2016-жылы аяктагам. Мен бул жакта жүргөндө тасмамдын көркөм жетекчиси Молдосейит Мамбетакунов жана Стамбулбек Мамбеталиев агайларым менин атымдан тасманы бул фестивалга жөнөтүп коюшуптур. Бул күтүлбөгөн жеңиш болду. Ошондой эле "Жалгыздык" менин режиссёр катары тарткан алгачкы тасмам. Бул фильмдин артында жалгыз эле менин эмес, агайларымдын, оператордун, актриса Жамиля Сыдыкбаеванын эмгеги зор. Учурдан пайдаланып баарына ыраазычылыгымды айтам. Ата-энеме материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазымын.

- Тасмаңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Аты айтып тургандай эле тасма жалгыздык тууралуу. Адамдын жашоосунда тандоолор көп болот. Тасмада жалгыздыкты тандап алган аялдын тагдыры баяндалат. Ал бул тандоосун адамдарга жардам берүү максатында колдонот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sultan89
2017-02-20 23:46:11
Керемет умница)))
0
Jumabay-kgz
2017-02-22 03:56:18
Куттуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан