Түндүк Кореянын Малайзиядагы элчиси жергиликтүү полиция кызматына ишенбестигин билдирип, Ким Чан Намдын сөөгүн Кореяга өткөрүүнү талап кылды

Малайзиядагы Түндүк Кореянын элчиси Кан Чхоль Ким Чен Намдын өлүмү боюнча иликтөөсүн жергиликтүү полиция кызматына ишенбестигин айтып, иликтөө иштери саясатташып кеткенин жума күнү, 17-февралда билдирген. Бул тууралуу Ренхап агенттиги билдирген.

Анын айтымында, тийиштүү документтери Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине берилгенине карабай, Ким Чен Намдын сөөгү полиция жана бийлик тарабынан дагы да берилбей жатат.

Бул билдирүүсүнө байланыштуу элчи Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Ал айткан сөздөрүнө түшүндүрмө бермекчи. Ал эми Малайзиянын Түндүк Кореядагы элчиси өз мекенине чакырылганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек,Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын агасы Ким Чен Нам Куала-Лумпурда аэропортто өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sagynbek.apyshev
2017-02-20 21:33:05
Бу тундук кореялыктар жаман, армиясы да кучтуу. Согуш ачып ийбесе эле болду. Неге дегенде туштук корея куруч бербей койсо эле аткылап киришет экен.
+2
Nur1k
2017-02-20 22:56:30
sagynbek.apyshev, билип билбей жаза бербечи. Тундук корея Американын саясатына каршы. Буларга баары бир согушса согуша беребиз Америка менен дешет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан