Бүгүн, 20-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Европага сапарында “Евроньюс” телеканалына маек берип, Азимжан Аскаров, Владимир Путиндин талапкери жана ЕАЭС өңдүү актуалдуу суроолорго жооп берди. Июнь окуясына байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун маселеси президенттин буга чейинки Европа өлкөлөрүнө болгон сапарларында да көтөрүлүп келген. Бул жолу Бельгияда кыргыз башчысын Азимжан Аскаровду колдоп пикетке чыккан активисттер тосуп алышты. “Мага да Аскаровдун иши баш оору болду” деп моюнуна алган президент маселенин өзөгү АКШнын аскердик майданын Кыргыз өлкөсүнөн чыгаруу чечимине байланыштырды. Мамлекет башчынын айтымында, бул маселе саясатташкан. Оппозицияда 15 жылдан ашуун жүргөнүн эске салган президент бир да жолу Аскаров деген укук коргоочу же журналист бар экенин укпаганын айтты. Ушул жылдын 24-январында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра башынан караган Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырган. Ишти кароо кезеги Жогорку Сотто. Эгерде бул инстанция дагы буга чейинки өкүмдү күчүндө калтырса, ишке чекит коюлган болот. Анткени 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу кабыл алынган жаңы Баш мыйзам боюнча өлкө эл аралык адам укуктары боюнча уюмдардын сунуш-чечимдерине маани бербейт.
“Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын арада Кыргыз мамлекетине жасай турган сапарында Кремлге ыңгайлуу талапкерди көрсөтөт дегендерге эмне дейсиз?” деген суроого “Бул – абсурд, Кыргыз мамлекетинин президенти ким болорун Москва да, Вашингтон да эмес, биздин өлкөнүн жарандары чечет” деп жооп берди Алмазбек Атамбаев. 2005-жылдагы Март окуясы, 2010-жылдагы Апрель окуясы унутула элек. Аскар Акаев президенттиктен кетем дегени менен кызы Бермет Акаеваны, уулу Айдар Акаевди Жогорку Кеңешке алып келгени, Курманбек Бакиев Мамлекеттик кеңеш деген жаңы органды түзүү аркылуу уулу Максим Бакиевге бийликти өткөрүп берүүгө камынганы, бирок революциялар аркылуу башкаруудан куулганы – бул окуялар бийликтин эл менен эсептешпей калганда аягы эмнеге алып барарын көрсөткөнү. Алмазбек Атамбаев мындай окуялардын чордонунда жүргөн адам катары ал күндөрдү унутпасы анык.
ЕАЭСтин пайдасын Кыргыз мамлекети эмес, баарынан мурун Орусия көрөт деген түшүнүктү четке кагып, кыргыз башчысы эмгек мигранттарынын укугу орусиялыктар менен тең болуп калганын айтты. “ЕАЭСке кирбесек, анда бизди экономикалык блокада күтүп турмак” деген Алмазбек Атамбаев союздун рыногу керек болгонун билдирди. Бирок азырынча ал рыноктун жар салынгандай пайдасын кыргыз тарап көрө элек...
Кыргыз мамлекети Кытайдан эт жана сүт продукциясын алып келүүнү убактылуу токтотту. Ташууга кайра качан уруксат берилери ЕАЭС өлкөлөрүнүн бирдиктүү инспекциясынан кийин гана белгилүү болот. Эгерде уруксат берилбесе, анда Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө эт, сүт, жумуртка жана башка ушул категорияга кирген продукцияларды алып келүүгө болбой калат. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2016-жылы Кытайдан Кыргыз жерине 1,5 миллиард долларга бааланган 652 миң тонна продукция алып келинген. Импорттолгон товарлардын негизин эт, жашылча, мөмө-жемиш, пластмасса, кийим-кече жана башкалар түзөт. Эгерде этти ала турган болсок, анда Кытайдан өткөн жылы 600 тоннага жакын эт келген, анын ичинде уй, чочко, тоок жана өрдөк эти бар. Кытайдын товарлары баштан эле сапаты боюнча күмөн жаратып келет. Ден соолукка тийгизген пайда-зыянын аныктап чыккан лабораториянын жоктугу да коңшу өлкөдөн келген товарларга бөгөт коюуга шарт түзгөн эмес. Бул тыйындын бир тарабы. Ал эми экинчи тарабы – 1990-жылдан бери Кыргыз мамлекети көбүнесе кытай товарларын алып сатуу менен жан багып келет. “Дордой” жана “Кара-Суу” сыяктуу гигант базарлардын пайда болушу буга далил. Адегенде Кытайдын эт жана сүт продукциялары, барып-барып башка товарлары ЕАЭСтен тышкары өлкөлөрдөн ташылган машиналардын кейпин кийгени калды көрүнөт. Машина базардын азыркы абалы белгилүү, демек, Кыргыз жериндеги базарларды Орусия, Казакстан, Беларусь, Армениянын эти менен сүтү каптайбы? Ошол эле учурда ветеринардык көзөмөл өңдүү шылтоолор менен Кыргыз мамлекетинен өндүрүлгөн товарларды ЕАЭСтин рыногуна ташып сатууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат...