Тайванда "Queen of Brilliancy International 2017" сулуулар сынагында Кыргыздын атынан Мамажанова Айдана барды. Бул тууралуу "World Beauty Congress Kyrgyzstan" расмий баракчасында жазылды.
Маалыматка ылайык, Мамажанова Айдана "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагында алдынкы бештикке кирген. Cынак 9-февралда башталган, 28-февралда финал болмокчу. Ага 60 өлкөнүн сулуулары катышууда. Тайванда катышуучуларды бир нече сынактар күтүүдө. Андан соң кыздар өз өнөрлөрүн тартуулашат.