ЭЛДИК ВИДЕО: Дүйнөнү таң калтырган иллюзионисттер

"Элдик видео" бөлүмүнө "Таң калтырган көз боёмочулар (кайталабагыла!)" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Meeri777).

Видеодо өзгөчө өнөрлөрү менен көрүүчүнү таӊ калтырган көз боёмочулар тууралуу сөз болот.

Алсак, алардын бири израилдик Хези Дин бир нече метр бийиктикте колу менен соода үйүнө таянып тура алган. Бул трюктун сырын билүүгө миӊдеген адамдар келишип, бирок иллюзионист кандайча жерден алыста турганын аӊдап түшүнө албай коюшкан.

Маалыматтарга караганда, бул анын элди биринчи жолу таӊ калтырып жатканы эмес. Буга чейин ал муз үстүндө 3 сутка өткөрсө, асман тиреген имараттан секирип кеткен жана тамак-аш, уйкусуз 28 метр бийиктиктеги устунда бир суткадан ашуун күнүн өткөргөн. Мына ушундай жана башка кайталангыс жөндөмгө ээ иллюзионисттер жөнүндө видеодон кененирээк көрүӊүз.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
UlukmanKalyev
2017-02-21 10:27:35
Сууда басып кетип атканы менен дубалда бир колу менен турганы өзгөчө экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан