Кенчилер Чоң-Алай жана Чаткал районунун тургундарына кар тазалоочу техникаларды беришет

Чоң-Алай жана Чаткал районундагы кен казуучулар өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүшөт. Кечээ, 20-февралда бул боюнча атайын жыйын өткөн. Анын жүрүшүндө жергиликтүү кеңешке карларды тазалоочу атайын техника, күйүүчү май берүү чечими кабыл алынган. Муну Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кар көчкүдөн жапа чеккен райондорго көмөк көрсөтүү боюнча талкууга аталган комитеттин төрагасынын орун басаралары Уланбек Рыскулов менен Азис Сапаралиев, кен иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Айта кетсек, өткөн аптанын соңунда Чоң-Алай жана Чаткал райондорунда кардын катуу жаашынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Үч адамдын өмүрүн алган кар көчкүдөн турак үйлөр бузулуп, жол жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamchatka
2017-02-21 13:33:28
Кар тазоолчу техникаларды беришет анан алтын казып кетишет е!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан