6 жыл мурун жаңы зеландиялык Ханна Симпсонго ата-энеси жылкы сатып бере албасын айтышканда, ал өз көңүлүн уйга бурган. 18 жаштагы Ханна ат чаптыра албаганына өкүнбөйт. Эмнеге?
"Саузленд" сүт фермасында иштеген Ханна Симпсон ата-энеси ага ат сатып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышканда, уй минип баштаган.
Ханна анын 7 жаштагы Швейцариядан алынган Сирень аттуу күрөң кунаажыны шаардагы бардык понилерден мыкты экенин айткан.
"Мен ар дайым укмуштуудай окуяларды жакшы көрчүмүн. Мен жылкылуу болгум келген, бирок мүмкүнчүлүк болгон эмес. Биз азыр эле тосмодон даярдыксыз секирип кеттик", - деген Симпсон өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
Бүгүнкү күндө Сирень бийиктиги 1,2 метрдей болгон тосмодон, кулаган дарактардан секире алат.
"Ал жылкыдан да мыкты", - деген Ханна кунаажыны тууралуу.