Бүгүн Эл аралык эне тил күнүнө карата борбордогу китепкана флешмоб өткөрөт

Бүгүн, 21-февралда С.Орозбаков атындагы №13-китепканада Эл аралык эне тил күнүнө карата флешмоб өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган китепкананын директору Бекзия Абдыкеримова билдирди.

Анын айтымында иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүп жатат.

"Жаштарды китеп окууга, китепканага тартуу максатында атайын флешмоб форматын тандап алдык. Мурун имараттын ичинде өткөрүп келсек, кызыктуу болсун деп ачык асман алдында уюштурууну туура көрдүк. Азыркы учурда китепканалардын кереги барбы? деген маселе көтөрүлүп жатпайбы? Биз муну менен китепкана керек деген ойду билдиргибиз келет.

Флешмобдо Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин, Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институту жана Х.Карасаев атындагы БГУнун студенттери англис, немис, орус жана кыргыз тилинде чыгармаларды аткарышат. Ошондой эле бийлеп беришет", - деди Абдыкеримова. Иш-чара саат 12:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан