Былтыр мамлекеттик мекемелер 10,5 миллиард сомго товарларды сатып алышты

2016-жылы конкурстардын 55,5 пайызын республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер өткөргөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда маалымат жыйынында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, сынактардын сатып алуулар боюнча планы 21 миллиард 721 миллион 781 миң сомго түзүлүп, иш-жүзүндө 18 миллиард 812 миллион 436 миң сомго 24 496 конкурс өткөрүлгөн. Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдөн республикалык бюджетке 2 миллиард 909 миллион 345 миң сом үнөмдөлгөн.

"2016-жылы республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик мекемелер 10 миллиард 596 миллион сомго товарларды, 1 миллиард 345 миллион сомго кызматтарды, 6 миллиард 868 миллион сомго жумуштарды жана 3 миллион 689 миң сомго консультациялык кызматтарды сатып алышкан", - деди Даникеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuke1988
2017-02-21 11:34:07
Баяагы эле жеп жутарлар. Козго корунукту сатып алган нерсеси жок миллардтан суйлошот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан