2016-жылы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан мамлекеттик сатып алуулар системи канчалык деңгээлде иштеп жаткандыгына жер-жерлерди кыдыруу менен мониторинг жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда маалымат жыйынында аталган мекеменин башчысы Улан Даникеев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик сатып алуулар системинде төмөнкү көйгөйлөр аныкталган:
1. Адистер боюнча көйгөй, алардын жетишпестиги, бат-баттан кадрдык которуулар;
2. Көпчүлүк мекеме кызматкерлери жана жетекчилеринде Мамлекеттик сатып алуулар процедурасы боюнча билимдин жоктугу;
3. Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен таанышуунун начар жолго коюлгандыгы;
4. Республиканын алыскы райондордо, айылдарда интернет сигналдарынын начардыгы же жоктугу;
5. Кээ бир адистердин компьютерде иштей албагандыгы;
6. Адистердин жаңы мыйзам боюнча окуу курсунан өтпөгөндүгү.