Социалдык өнүгүү министрлигине 2016-жылы 1383 кайрылуу түшкөн

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине 2016-жылы жарандардан 1383 арыз жана даттануу келип түшкөн. Бул тууралуу 21-февралда министрликтин басма сөз кызматы билдирди..

Белгилүү болгондой түшкөн арыздардын 44,5 пайызы Бишкек шаарынан. Ош облусу – 8,4 пайыз, Чүй облусу – 15,1 пайыз, Жалал-Абад облусу – 9,1 пайыз, Нарын облусу – 10,2 пайыз, Ысык-Көл облусу – 7 пайыз, Баткен облусу – 2,6 пайыз жана Талас облусу – 3,1 пайыз.

"Кайрылууларда мамлекеттик жөлөк пулдар, материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүү, жеңилдиктерди берүү, майыптуулук тобун аныктоо, үй-бүлөгө жана балдарга кызматтар, улгайган жарандарга кызматтар, иш менен камсыз кылууга жана жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүлөр боюнча маселелер жазылган. Ошондой эле министрликтин жетекчилиги 367 адамды кабыл алган, анын ичинен Министр - 211, статс-катчы - 50, министрдин орун басарлары - 106", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан