Жогорку Кеңештин төрагасы Чүйдөгү ишканалардын иши менен таанышып жүрөт

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков иш сапары менен Чүй облусунда жүрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш сапарынын алкагында төрага Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы “Кайыңды-Кант” заводуна барды. Заводдун директору Александр Шалюта ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Андан соң Турсунбеков кант кызылчасын эккен дыйкандар менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар кант кызылчасынын уругу кымбат болуп жатканын айтышты. Алар билдиргендей, ушундай эле урукту коңшу Казакстандан эки эсе арзан алса болот. Ал эми “Кайыңды-Кант” заводу 1 куту урукту (1,5 куту 1 га жерге себилет) сапатына жараша 4500 сомдон 8000 сомго чейин сунуштап жатат. Чыныбай Турсунбеков бул маселе боюнча өкмөткө, монополияга каршы кызматына тапшырма берилерин убада кылды.

Мындан кийин төрага “Арстанбек” мал чарбасынын ишине күбө болду. Ишкананын директорлор кеңешинин төрайымы Зарылкан Акматованын айтымында, бул жерде мал чарба продукциялары өндүрүлүп, Абердин-Ангус асыл тукум топоздор кармалат. Малдын этин жеринен 250 сомдон кардарлар алып кетет. Мындан сырткары, сүт багытындагы эчкилерди көбөйтүү максаты турат. Ошондой эле бул чарбада 56 адам жумуш менен камсыз болгондугу, ишкана мамлекетке жылына 1 миллион 125 миң сом салык төлөөрү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан