"Өкмөт маалыматтык жана байланыш технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат", - деп бүгүн, 21-февралда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков VI Кыргыз маалыматтык технологиялар форумунун (КМТ-форуму) ачылышында билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекетти түзүү боюнча – «Смарт Коом» жалпы улуттук жогорку технологиялык жаңы долбоор ишке киргизилүүдө.
"Аталган долбоордо санариптик технологиялар интеграция, натыйжалуулук жана инновациялар үчүн мүмкүнчүлүктү жогорулатуу менен анын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Мамлекеттик санариптик трансформациялоо долбоору бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутагын камтыйт", - деди Жээнбеков.
Ал кошумчалагандай, санариптик технологиялар мамлекеттик башкарууну, экономикалык жана социалдык тармакты өзгөртүү үчүн кыймылдаткыч күч болуусу тийиш.
Форумда премьер-министр заманбап технологиялар жаатындагы жетишкендиктер үчүн сыйлыктарды тапшырып, заманбап маалыматтык технологиялар көргөзмөсүнө катышты.
Аталган иш-чара 23-февралда улантылат.