"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Майлуу-Суу шаарындагы айрым үйлөр көп электр энергия колдонуп, трансформатор жараксыз абалга келген

Майлуу-Суу шаарынын айрым үйлөрүнө электр энергия 18-февралдан тарта берилбегендиктен, тургундарга ыңгайсыздык жаралганын окурман кабарлаган. "Жалал-Абадэлектро" ачык акционердик коому ал үйлөр электр энергиясын белгиленген ченемден ашыкча колдонгондуктан, электр энергия менен камсыз болбой калышканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Ар бир абонент менен келишим түзүлгөн. Алар күн суук болгондуктан, белгиленген ченемден (3,5 КВт) ашыкча колдонуп жатышат. Андыктан трансформаторго күч келип, күйүп кетип жатат. 18-февралда Майлуу-Суу шаарынын Кутманов көчөсүндөгү 12, 13, 14, 15, 16, 17-үйлөрүнүн трансформатору да жараксыз абалга келген. Мындан улам 19-февралда башка трансформатор коюлган, бирок ал дагы күйүп кеткен. Үчүнчү трансформаторун кечээ, 20-февралда орнотушту. Электр энергия берилип жатат", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан