SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кандай өнөрдүн ээсисиз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бир күн кечке уктаган өнөрүм бар, өзүмө жагат ;)"
"Математик, физик деген атым бар. Дагы отуруп эле ырдагым келе берет. Бирок үнүм жакшы эместей сезилет, башкалардын айтуусу боюнча, үнүмдү таптасам ырдасам болот экен, бирок өзүмдү ырчы катары көргүм келбейт. 1-апрелде өткөн жылы мугалимдерди тамаша кылып эси оогон болуп коркутуп койдум эле, ошондон бери артист деген ат коюп алышкан. Ток этер жерин айтсам, ораторлук, лектордук өнөрүм бар".
"Менде өнөр эми чыгат, турмушка чыгайын".
"Айта берсем өнөр көп, өзүн мактагандан өлгөнчө кач дечү беле? Финансист (кесибим боюнча), уста, плиточник, маляр, ширетүүчү, чачтарач, гитарист, электрик, сантехник, кондитер-технолог, ашпозчу жана башка. Азыр заманга жараша жигиттерибиздин колунан көп нерселер келет".
"Өнөр жок эч кандай. Чыкканда жазып коём го".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.