Манас кең көчөсүнө темир тосмолор орнотулуп жатат

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Манас кең көчөсүнө темир тосмолорду орнотуу жана анын эки тарабындагы ирригация тутумун оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарык мэриясы бүгүн, 21-февралда кабарлады.

Учурда ишкананын кызматкерлери тарабынан 90 темир бетондук тосмо орнотулуп жатат. Тосмолор айдоочулардын коопсуздугу үчүн жана жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу максатында орнотулууда. Ошондой эле жазгы сугат мезгилине даярдыктарды көрүү максатында Жибек жолу кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин ирригациялык арыктарды орнотушууда.

"Урматтуу шаар тургундары! Урматтуу айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы өткөрүлүп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен кароого чакырат", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
izdeim_seni
2017-02-21 20:34:23
Путин бат-баттан келип турса эле Кыргызстан оңолмок.Алыскы асфальттанбаган айылдарга Путинди саякатка чакырыш керек эле.Өмүрү оңдолбогон жолдор оңолот эле.Негизгиси бак-дарактарды сырдап бизди уят кылбасаңар эле болду)))
+8
tnt_ostrof
2017-02-21 21:45:38
Ажо откон жолдорду эле ондой бербей башка жолдорду да карагылачы. Шлагбаумдан баштап унаа базарына чейинки жолдун абалы мышык ыйлап, уйлар бокурот. Акыры борбордук кочолордун эле бириго...
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-02-21 22:09:56
Ай биздин жолдор качан онолот салык салык деп эле алкынасынар салыкты аласынар же бир жол ондобойсунар
+1
Adidas_91
2017-02-22 00:03:17
Оңдогону жакшы БИРОК Гүл тигилчүү жерлерге темир тосмо койбой эле койсоңор жакшы болмок Шаардын көркүн бузбай.
+1
Shekeev969798
2017-02-22 00:55:23
ООООй кыргыз элим ондолуп эле жатпайбы шлагбаумдан кызыл аскерге чейин тосмо курулду дагы да курулат, НААРАЗЫ эле болобересинерби ?
оозубузду ачып мамлекетти каргап, карап олтура бергендин ордуна ар бирибиз салымыбызды кошолу, бире мисал айтайын капа болбогула, ОШОЛ пропка кылган, жолдорду бузуп жаткан, таштанды таштап жаткандар кимдер? же орус же казак бузуп талкаладыбы? ЖОООК анын баарына озубуз куноолубуз онолууну озундон баштаааа ТУУГАНЫМ КЕЛГИЛЕ БААРЫБЫЗ ОЛКОБУЗ УЧУН САЛЫМЫБЫЗДЫ КОШО
+12
MENMINGO
2017-02-22 02:28:12
Shekeev969798,азаматсыңар! Туура айтты!
0
Shekeev969798
2017-02-22 00:59:53
ЩУка менен чаяндын окуясын айта кетейин
экоо бир араба толтура алтын таап алышат
чаян арабаны кургака тартса щука сууга тартат ошентип отурушуп арабаны эки болуп талкалап салышат
+3
Shekeev969798
2017-02-22 01:01:36
Кыргызым ынтымакта бололу,
+5
Shekeev969798
2017-02-22 01:02:48
Ойлорунарды тазарткыла жакшы нерселерди ойлосонор озуунардан жакшы создор чыгат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан