ЖЫЛНААМА, 22-ФЕВРАЛЬ: 285 жыл мурун Американын тунгуч президенти Жорж Вашингтон төрөлгөн

Мындан 285 жыл мурун, 1732-жылы 22-февралда АКШнын тунгуч президенти Жорж Вашингтон Виргинияда төрөлгөн. Анын атасы бай плантатор жана кул ээлөөчү болгон. 11 жашында атасы каза болуп, аталаш агасы Лоуренстен тарбия алган. 1749-жылдан баштап Маунт-Вернондо чоң жер тилке менен 18 кулга ээ болгон. Майор наамында виргиниялык төрт элдик кошуунунун биринде командир болгон.

Полковник наамын алган Жорж Вашингтонго 1756-жылы жети жылдык согушта өзүнүн элдик кошууну менен колониянын батыш чек арасын сактоого тапшырма берилген. 1759-жылы отставкага кеткен. Жорж Вашингтон Британиянын колониалдык саясатына каршы болуп, колониалдык бийликтин иштерин сындаган.
1774-1775-жылдары Континенталдык конгрессте Виргиниянын төрагаларынын бири болгон. Колониялар британдык метрополия менен бир чечимге келишпестигин билип аскер формасын кийген. 1775-жылы 15-июнда Конгресстин чечими менен Континенталдык армиянын башчысы болот. Ал армияны Түндүк Америка эгемендүүлүккө жеткиче башкарган. Жорж Вашингтондун АКШдан британиялык аскерлерди чыгарууга кошкон салымы чоң болгон. Конгресс ага диктатордук ыйгарым укуктарды дагы берген, бирок ал андан баш тарткан. Бардык байлыгын Континенталдык армияга жумшап, кызмат кылган жылдарына төлөнүүчү маянадан баш тарткан.
Вашингтон эл арасында белгилүү болуп, согуш учурунда эрдигин, жогорку моралдык сапаттарын, туруктуулугун көрсөтө алган. 1783-жылы ноябрда Париждеги тынчтык келишиминен кийин отставкага кеткен. 1787-жылы Ж.Вашингтон Конституциялык конвенттин төрагасы болуп шайланган. Анын аракеттери менен Виргиния 1787-жылкы Конституцияны бекиткен. 1789-жылы 30-апрелде ал өзүнүн кадыр-баркы жана популярдуулугу менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. Ал эми 1792-жылы кайрадан төрт жылга президенттикке шайланган. 1799-жылы 14-декабрда 67 жаш курагында каза болгон.

22-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан