АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга эрежелер катаалдайт

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялайт, бирок өлкөгө бала кезинде келгендерди коргоо чараларын күчүндө калтырат. 21-февралда Ички коопсуздук министрлиги миграциялык эрежелерди катаалдатуу жөнүндөгү Трамптын жарлыгынын күчүнө кирүү баскычтары көрсөтүлгөн нускама чыгарды.

Документте миграцияга байланышы бар бардык мекемелерге АКШга мыйзамсыз жолдор менен келгендерди аныктап, кармап жана өлкөдөн чыгаруу милдети жүктөлгөн.

Ошол эле маалда 2012-жылы кабыл алынган өлкөгө бала кезинде кирген 750 миң мигрантты депортациядан коргоо программасы күчүндө калтырылды.

16-февралда Дональд Трамп жети өлкөнүн жарандарынын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салуу жана качкындарды кабыл алууну токтото туруу жөнүндөгү 27-январдагы жарлыгын токтоткон федералдык судьянын чечимине даттанган доо арызын кайтарып алган. Бирок президент мыйзамсыз мигранттарга каршы жаңы катаал чараларды киргизүүнү убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан