"Төрөттөн каза тапкан энелердин, балдардын саны учурда көбөйдү, менин бир тууган эжем да алардын катарын толуктап калды" деген Кайыргүл Аманова эжесинин өлүмүнө дарыгер себеп болгонун айтат. Окуя 2016-жылдын соңку айларында болгон.
Нуржан Аманова ай күнүнө жетип, үчүнчү баласын жарыкка алып келерде көз жумган. Маркум Жалал-Абад шаарындагы №14-лицей мектебинин директорунун тарбиялык иштери боюнча орун басары болуп иштеп келген. Артында 9 жана 5 жаштагы эки кызы калды. Жакындары аны Эл Агартуунун отличниги, жылдын мыкты мугалими деп эскеришет.
Нуржан Аманова Жалал-Абад шаарында жашап турган. Облустук төрөтканада оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу ал Сузак районуна караштуу Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген Бүбүрабия Сейдалиевага текшерилүү үчүн барган. Дал ушул дарыгер маркумдун өлүмүнө себепкер болгонун Кайыргүл Аманова төмөнкүчө айтып берди.
"Ай күнүнө жеткен эжем 27-ноябрда бизге чалып, ооруп жатканын айтты. Ай толгоо болсо керек дегенбиз. Эртеси дарыгери Бүбүрабия Сейдалиевага консультацияга барганда ал 10 күндөн кийин төрөйсүң дептир. Түнкүсүн ооруп чыкканын айткан соң дарыгер Мизопростол деген дарыны эзип, эжемдин жатын моюнчасына салат да, кечки саат 8-9дарда төрөйсүң дейт. Бирок күйөөңө айтпагын деп эскертет. Эжем кайра Жалал-Абадга келет. Дарыны сепкенден бир саат өтүп толгоо аралыгы 3 мүнөт болуп калыптыр. Кайра Октябрь аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барат, ал жакта операция жасалчу блок жок экен. Барганда жатын моюнчасы ачылбаптыр. Кайра дарыны сууга чалып берген соң, физрастворго окситоцинди кошуп тамчылатма берген. Ушуну менен толгоону чакыруучу каражаттын үчүнчү дозасы берилип жатат. Мындан улам жатын жарылып кеткен. Кайра "Тез жардам" чакырып, кечки саат 8де облустук төрөтканага алып келишкенде кан басымы нөлгө түшүп жүрөгү сокпой жаткан экен. 4 килограмм салмактагы кызы канга тумчугуп, ич көңдөйүнө чыгып калыптыр. Кан тамырлар хирургу өлүп калышы мүмкүн экенин айтышты", - дейт Аманова.
Анын айтымында, 8 саатка созулган операциядан кийин эжесин жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Үч күндөн кийин эсине келгенине токтолуп:
"Дарыгерлер этиканы сакташканды билишпейби дейм. Эсине келип кызын сураса дароо эле чарчап калганын, жатынын алып салышканын айтышыптыр. Мындан улам абалы кайра начарлап кетти. 15 күндөн кийин палатага которулду, бул арада дене табы көтөрүлүп, жалаң дары менен түшүрүп жатышты. Эжемде кант диабети жок болчу, катуу стресске кабылганда кандагы канттын деңгээли 18ге көтөрүлүп кетиптир. Сууну 10 мүнөт сайын ичип жатканда текшерүүнү сурандык. Неврапотолог суюктук ичпе десе, башка дарыгерлер наркоздон кийин ушундай болот деп коюшкан болчу.
Ооруканадагылар менен кеңешип Жаңы жыл күнү үйгө чыгаралы деп жатсак, 27-декабрь күнү комага түшүп калды. Эртеси Бишкектен дарыгерлер барып мурун операция жасалган жерине куюлган кан уюп калышы мүмкүн экенин айтышты. Операция жасоого биз жазуу түрүндө баш тартарыбызды билдирдик. Ага карабай 30-декабрда операция жасашты. Кан уюган эмес экен, операцияга кандай алып киришсе, ошол бойдон чыгышты. Эжем 2-январь күнү көз жумду", - дейт ал.
Белгилүү болгондой маркум комага түшөрдөн мурун тергөөчүгө көрсөтмө берген. Анда Сейдалиевага келгенге чейин жатын моюнчасы жабык болгонун, ага тамчылатма дары бергенин айткан.
Кайыргүл Аманованын айтымында мурун Сейдалиеванын көзөмөлүндө болгон жаш келин да төрөттөн каза болгон. "Буга чейин биринчи жолу төрөп жаткан келин да ушул дарыгердин колунан каза болгон экен. Ал креслодон турбай калганын айтышат. Башында Сейдалиева "Билгениңерди кылгыла. Каалаган жериңерге баргыла. Мындай абалдан чыгып келгем, чыгып кетем" деп жасагандарын моюнуна албай жаткан. Облустук төрөтканадан дарыгерлер келип окуя тууралуу бет маңдай отуруп ачык түшүндүрүшкөндөн кийин моюнуна алды", - дейт.
Азыркы тапта маркумдун жакындары комплекстүү текшерүү жүргүзүү талабы менен президент, Башкы прокуратура, акыйкатчы, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышкан.
Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Пазылов "окуя боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу бир нерсе айтуу кыйын. Бүбүрабия Сейдалиева арыз жазып жумуштан кетти. Бүбүрабия Сейдалиева телефонун өчүрүп кеткенинен улам аны менен байланышуу азыр мүмкүн болбой жатат", - деп билдирди.