Ош облусунда быйыл 50 гектарга тамеки өстүрүлөт. Мындай маалымат бүгүн, 22-февралда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жазгы талаа иштерине даярдыктардын жүрүшү боюнча коллегиялык жыйында айтылды.
"Быйылкы жылда жаз алды менен облустун аймагына 50 гектарга тамеки эгүү пландалып жатат. Анткени тамекиге суроо-талап азайып кетти. Атайын тамеки алуучу фирмалар келбей калды. Советтер союзу учурунда Ош облусу боюнча 10 миңдеген гектар жерге "сары алтын" деп атап, тамеки эгишчү. Азыр көпчүлүк дыйкандар башка чарбалык өсүмдүктөрдү эгип өстүрүүгө басым жасап жатышат", - деп билдирди облустук өкүлчүлүктөн Жумамүдүн Сулайманкулов.
Маалыматка ылайык, быйыл 2017-жылы облус боюнча 20 321 гектар аянтка жаздык буудай, 15 662 гектар жерге арпа, 27 091 гектарга жүгөрү эгүү пландалууда. Мындан сырткары 6 423 гектар жерге май өсүмдүктөрү, 43 158 гектарга тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Ошондой эле 7900 гектарга пахта, 13 112 гектарга картошка, 9 294 гектар аянтка жашылча эгүү пландаштырылган.