Бүгүн, 22-февралда болжол менен саат 14:20да Бишкек-Ош жолунун 226-чакырымына 2000 куб метр кар түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Кар көчкүдөн улам 226-чакырымда жол убактылуу жабылды. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Ага 6 техника жана 11 жумушчу тартылды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.